Эмдөө, онкологиялык диспансерлер, маалымат системалары, коронавирус инфекциясы менен күрөш. Мына ушул маселелер казакстандыктарды эң көп тынчсыздандырууда. «100 күн – 100 суроо» долбоорунун алкагында жарандар Саламаттык сактоо министрине өз сунуштарын жолдоп, суроолоруна жооп ала алышат. Долбоор башталгандан бери жалпысынан 842 арыз келип түшкөн. Тиешелүү мекеме башчысынын айтымында, анын 50дөн ашыгы тез арада чечилип, калган 792си колго алынган.
«Сиздердин идеяларыңыз жана сунуштарыңыз биз үчүн абдан баалуу. Аларды ар тараптан изилдеп чыккандан кийин биз медициналык жардамды, дары-дармек менен камсыздоону уюштурууну жакшыртуу, кадрлардын сапатын жогорулатуу жана башка маанилүү аспектилерди иш мерчемине киргизүүнүн үстүндө иштей баштайбыз. Арыздардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө, ар бир маселе талданып, суроолордун бири да көңүл сыртында калбайт деп кепилдик берем», - дейт Ажар Гиният.
Мындан тышкары, мекеме башчысы долбоордун алкагында жакынкы аралыкта эл жана коомчулук менен жолугушууларды өткөрүүнү көздөөдө. Бул үчүн министр аймактарга чыга турганын билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков