Астанада мамлекеттик кеңешчи Ерлан Кариндин төрагалыгы алдында
Коррупцияга каршы комиссиянын жыйыны өттү. Катышуучулар республиканын 2022-2026-жылдарга
коррупцияга каршы саясатынын Концепциясын карап чыгышты. Ал мамлекетте
жүргүзүлүп жаткан реформалардын уландысы болуп, коомдо коррупцияга каршы
иммунитетти түзүүгө жана калктын бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган. Мамлекеттик кеңешчи коррупциянын
деңгээлин төмөндөтүү боюнча объективдүү маалыматтарга мониторинг жүргүзүү жана
эффективдүү каршы чараларды көрүү
керектигин айтты. Тажрыйбаларды андан ары ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк ГРЕКО
серепчилери менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын кошумчалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков