Алакөл туристтик зонасынын аянты 10 эсеге кеңейтилет

Алакөл туристтик зонасынын аянты 10 эсеге кеңейтилет

Быйыл Алакөл жээгин өнүктүрүүгө 10 млрд теңге бөлүндү. Каражат инженердик жана транспорттук инфраструктураны жаңылоого, санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталат. Ошондой эле туристтик аймакты 10 эмес, тагыраак айтканда 3 миң гектарга чейин кеңейтүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн суткасына 75 миң туристке чейин арттыруу көздөлүп жатат. Премьер-министр Олжас Бектенов Абай облусуна жумуш сапарынын алкагында аймактын туристтик дарамети менен таанышты. Өкмөт башчысы Семей шаарынын административдик ишкердик борборун өнүктүрүү долбоорлорун да көрдү. Анын жалпы аянты 1 миң гектардан ашат. Мында социалдык жана ишкердик инфраструктурасы өнүккөн жаңы заманбап турак жай аймагын куруу мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков