2023-жылы «Самрук-Казына» ишинин бардык негизги багыттары боюнча оң динамика байкалат. Фонддун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана аны орто мөөнөттүү мезгилде андан ары реформалоо планы тууралуу Касым-Жомарт Токаевге башкарма төрагасы Нурлан Жакыпов отчёт берди. Жыйындын соңунда Мамлекет башчысы бир катар милдеттерди жүктөдү.
Нурлан Жакыпов, Самрук-Сазына АК башкарма төрагасы:
- Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында мамлекет башчысы «Самрук-Казынаны» реформалоо боюнча так тапшырма койду. Ага ылайык биз 5 багытта ишибизди мерчемдеп жатабыз. Биринчиден, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу; экинчиден, жогорку технологиялык өнүмдөрдү чыгаруу; үчүнчүдөн, түз чет элдик инвестицияларды тартуу; төртүнчүдөн, фонд компанияларынын экономиканы кросс-субсидиялоодон жоюу; бешинчиден, «Самрук-Казына» компаниясынын туунду компанияларын IPOго жана SPOго чыгаруу. Бул милдеттер президенттин 2029-жылга ИДӨнү эки эсеге көбөйтүү тууралуу тапшырмасын аткарууга да чоң салым кошот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков