Короодогу кесипкөй спорт

Короодогу кесипкөй спорт

Кесипкөй машыктыруучулардын жетекчилиги астында короого чыгып, спорт менен машыгуу. Караганды облусунун Спорт комитетинин демилгеси менен түзүлгөн «AulaFit» программасы балдарга ушундай жаңы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Мисалы, Осакаров районунда короо футболун Нигериядан келген легионер машыктырып жатат.

Аманбол Иманбайулы

- Самуэль агайдын бизди машыктырып, үйрөтүп жүргөнүнө бир жума болду. Мага футбол жана баскетбол жагат. Бул жерге күн сайын келип даярданабыз. Футболдон баштап баарын ойнойбуз. Мага ойногон оюндарым дагы жагат.

Самуэль Обинна, машыктыруучу

- «AulaFit» программасы эң сонун долбоор. Мен балдар арасындагы футболду өнүктүрүү максатында атайын келип, машыктырып жүрөм. Биздин Нигерияда мындай мүмкүнчүлүк жок. Өзүм биринчи лигада ойнойм. Кызыгы, машыгууга балдар гана эмес, пенсионерлер дагы келишет экен.

Массалык спортту жеткиликтүү кылуу максатында, чет элдик машыктыруучу Самуэль райондук денени-машыктыруучу борбору менен 5 короо аянтчасына машыгуу тартибин түзүп алган.

Алия Оспанова, «AulaFit» программасынын координатору

- Долбоордун максаты - аны баарына жеткиликтүү, акысыз жана ден-соолукка пайдалуу кылуу. Программанын алкагында райондо алдыдагы убакытта казак күрөшү, каратэ, тогуз кумалак, оор атлетика жана шайтан араба ийримдери ачылат. Ага күчтүү машыктыруучулар тартылат. Учурда футбол боюнча облустук мелдештерде байгелүү орундарды ээлей баштадык.

Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, облустун башка аймактарында дагы улантылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков