Президенттик шайлоого чет мамлекеттердеги казакстандыктар да активдүү добуш беришти. Германияда үч шайлоо участогу уюштурулган. Алар Берлинде, Франкфурт-на-Майнде жана Мюнхенде жайгашкан. Эртеден бери 300дөй казакстандык келип добуш беришти. Алар Германияда иштеп жүргөн мекендештер, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү жана студенттер.
Динмухамет Ермухаметов, студент:
Чет өлкөдө добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатканыма абдан кубанычтамын. Мен шайлоого биринчи жолу катышып жатам. Өзүмдүн тандоомду жасоо үчүн башка шаардан келдим. Негизи мен Халле шаарында окуйм. Ал Берлинден 150 километр алыстыкта жайгашкан.
Шайлоо участкалары Жакынкы Чыгышта да иштеди. Алардын эң чоңу Иорданиянын Хашимит Королдугунун борбору Амманда жайгашкан. Бул өлкөдө жекшемби иш күнү болуп саналат. Ага карабастан шайлоо участкасына келгендер көп болду. Иорданияда иштеп жүргөн казакстандыктар таң эртеден баштап добуш берүүгө агылып келишти. Коңшу Ливан мамлекети да ушул шайлоо участогуна карайт. Эртең менен көчмө комиссия добуш берүү бюллетендерин жана урнасын алып Бейрутка учуп кетти. Бул жерде БУУнун бейпилдик контингентинин курамында кызмат өтөп жаткан казакстандык бейпилдик күчтөрү добуш беришти.
Роза, Йорданияда жашаган Казакстандын жараны:
Чет өлкөдөгү жарандарыбызга ушундай мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазыбыз. Анткени биз өлкөбүздүн саясий турмушунан алыс болгубуз келбейт. Биз бул жерде жашап, окуп жатканыбыз менен Казакстан дайыма эсибизде. Мен өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүүсүн каалайм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков