Казак эл жомоктору брайл шрифтинде

Казак эл жомоктору брайл шрифтинде

Мангыстаудагы көзү азиздер жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арналган китепкана кызматкерлери балдарга өзгөчө белек жасашты. Билимдүү балдар тарбиялык мааниси зор чыгармаларды окууга мүмкүнчүлүк алышты. Балдар адабиятын кармап сезүү нускасына которууда тифлопедагог Саида Кусайынованын эмгеги чоң. Автор көз оорусуна чалдыккан балдардын абалын жакшы билет.

Саида Кусайынова, китепкананын коомдук кызматкери:

Китеп жазуу кыйын болду. Бир кичинекей китепчеге 2-3 аңгемени батырганга аракет кылдык. 2007-жылдан бери “Бир өлкө – бир китеп” республикалык акциясы уюштурулуп келет. Быйыл Ахмет Байтурсын уулунун чыгармалары окулуп жатат. Ошондон улам адабий жыйнакка улут устатынын “Окууга чакыруу” аттуу ырын кошууну туура көрдүм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков