Казакстанда карантин режими жөнөкөйлөтүлөт. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында белгилүү болду. Ошентип, баш оона айынын 28нен тарта Ashyq долбооруна катышкан бардык ишканаларга дем алыш күндөрү саат 24:00гө чейин иштөөгө уруксат берилет. Муну менен катар, ишембиде коомдук транспорттордун каттамына уруксат берилет. Ал эми баш оона айынын 30нан баштап Ashyq долбоорунун лидерлеринин иш убактысы 24:00төн 02:00гө чейин узартылат. Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Алматы шаарында карантин чараларынын жеңилдетилүүсүн эс алуу күндөрү аяк оона айынын 4нөн баштап, ал эми иш күндөрү аяк оона айынын 6нан баштап киргизүү мерчемделип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков