Казакстандыктар эми бирдиктүү диалог терезеси
аркылуу маалым каттарды ала алышат, бизнести каттап жана жөлөкпулдарды тариздей
алышат. Ушул жылдын бирдин айынан баштап өлкөдө жаңы жасалма интеллект
платформасы иштей баштайт, ал мамлекеттик кызматтарды кат алышуу форматында
алууга мүмкүндүк берет. Колдонуучулар өздөрүнүн абалын сүрөттөшөт, ал эми
AlemGPT автоматтык түрдө тиешелүү кызматтарды сунуштайт жана бүт процесстен
онлайн өтүүгө жардам берет. Мындан тышкары, жасалма интеллект жардамчысы eGov
Mobile мобилдик тиркемесинде да жеткиликтүү болот. Бул кызматтарга каалаган
убакта жана каалаган жерде жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Келечекте өлкөнүн
бардык Калкты тейлөө борборлорун санариптик кеңселерге айландыруу
пландаштырылууда, анда өзүн-өзү тейлөө үчүн компьютерлер жана терминалдар
орнотулат. Бул жерде кызматкерлер Apple Store тейлөө зоналарындагыдай жардам
беришет.
Ростислав Коняшкин, жасалма
интеллект жана санариптик өнүгүү боюнча вице-министри:
- 50дөн ашык жасалма интеллект-агенттери ишке ашырылды,
анын ичинде мамлекеттик органдар үчүн да, биздин жарандар үчүн да. Биз eGov
жөнүндө сөз кылсак, e-Konsultanteдеги жөн гана консультациялардан реалдуу
убакыт режиминде жардам берген жасалма интеллект-ассистент, чат-бот аркылуу
кызмат көрсөтүүгө бара-бара өтүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

