Коронавирус жуктургандардын саны кескин өстү

Коронавирус жуктургандардын саны кескин өстү

Бештин айында мурунку айга салыштырмалуу коронавирусту жуктургандардын саны болжол менен эки жарым эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжан Есмагамбетова билдирди. Анын айтымында, жуктуруу учурлары күнүнө 300гө жакын адамдан аныкталып жатат. Азырынча өлкөнүн бардык аймактары жашыл зонада болгону менен айрым аймактарда илдеттин көрсөткүчү кескин өсүп жатат. Балдар арасында да коронавирус жуктургандар аз эмес. Жыл башынан бери 61 миң казакстандык өспүрүмгө коронавирус диагнозу коюлган. Алар жалпы бейтаптардын 15 пайызын түзөт, деди вице-министр.

Айжан Есмагамбетов, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары:

- Казакстанда бештин айында жетинин айына салыштырмалуу илдет жуктуруу 2,4 эсеге өскөн. Бир күндө 300гө чейин коронавирус учурлары катталууда. Эпидемиологиялык баалоо матрицасына ылайык, баш оона айынын 12нен тарта Казакстан Республикасы жана бардык аймактар ​​жашыл зонада жайгашкан, бирок өлкөнүн 13 аймагында R индикаторунун көрсөткүчү бирдиктен жогору болушу инфекциянын таралышынын көбөйгөнүн айгинелейт.

Белгилей кетсек, акыркы суткада 231 адамдан жугуштуу вирус аныкталса, 11 адам ковид белгилери менен пневмонияга чалдыккан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2500гө жакын адам инфекцияга каршы дарыланып жатат. Алардын 282си ооруканада дарыланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков