Көпүрөлөр менен жол кесилиштер дрондор аркылуу изилденет

Көпүрөлөр менен жол кесилиштер дрондор аркылуу изилденет

Казакстанда көпүрөлөр менен кесилиштер дрондор аркылуу изилденет. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги атайын кызматтардын арсеналында келерки жылдан тарта дрондор пайда болоорун белгиледи. Дрондор менен жерди изилдөө жашыруун жерлерди видеого тартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, ал процессти тезирээк, арзан жана натыйжалуу кылат. Учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен алдыдагы убакытта көпүрөнүн бүт структурасын санариптештирүү мүмкүн болот. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2 миңден ашык көпүрө бар. Ошол эле учурда тиешелүү министрлик көпүрөлөрдү үзгүлтүксүз текшерүү конструкциялардын эскиришине жана аварияга алып келген кемчиликтерди эрте аныктоого жана жоюуга мүмкүндүк берерин белгиледи. Ошондой эле, өз убагында диагностика жүргүзүү объекттерди тейлөөгө кеткен чыгымдарды да азайтат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков