Жаш окумуштуу Айша Турмахан бешинчи класста окуйт. Экологиялык өнүмгө болгон кызыгуусун биология мугалими арттырган. Алгач мугалиминин көрсөтмөсү боюнча окуу китептерин барактап ашкабактын курамын ынтызаарлык менен изилдеген. Алгач самынды кайнатып көргөн. Жаш интеллигент бул өнүмдү ар кандай формада иштеп чыгууга эки айга жакын убакыт короткон. Экологиялык самын менен катар бетке арналган маскалардын бир нече түрүн сунуштайт.
Айша Турмахан, окуучу:
- Иликтөөдөн кийин анын курамында көптөгөн пайдалуу минералдар бар экенине ынандым. Ал тургай анын даны да пайдалуу. Мугалимим Мөлдир Жандос кызы менен бирге самындын үч түрүн, масканын эки түрүн жасадык.
Мөлдир Калдыбек, биология мугалими:
- Ашкабакта В, С, D витаминдери бар жана териге абдан пайдалуу. Эки-үч күндүн ичинде жасоого болот. Алгач плюс 35 градуста кайнатып, идишке куюп, бир суткага муздаткычка салабыз.
Азырынча мектепте экологиялык самынга суроо-талап көп. Таланттуу окуучунун кийинки максаты - өзү жасаган табигый заттардын көргөзмөсүн уюштуруу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков