«Эл катышкан бюджет»: короолорду жашылдандыруу

«Эл катышкан бюджет»: короолорду жашылдандыруу

«Эл катышкан бюджет» программасынын алкагында борбор калаанын тургундары короону жашылдандыруу долбоорун өздөрү тандай алышат. Короо аянттарын жашылдандырууда бардык заманбап стандарттар эске алынган. Серепчилердин айтымында, колдонулган материалдар сертификатталган. Быйыл программага 214 миллион теңге бөлүнгөн. Борбор калаанын тургундары сунуштаган долбоорду атайын талдоочулар карайт. Андан кийин жергиликтүү кеңештер арасында шайлоо болот. Анын натыйжасында мыктылар кийинки баскычка өтүшөт.

Данияр Кожахметов, жашылдандыруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу:

- Бул долбоор 2019-жылы Сарыарка районунда башталган. Үч жыл бою мындай жашылдандыруу боюнча иштерди аткарып келе жатабыз. 2019 -жылы биз 8 короону жакшырттык, 2020-жылы - 13 короону, быйыл он короону жакшыртып жатабыз. Алардын 5ин бүтүрдүк, 5дө иштер жүрүп жатат.

Сарыарка районунун тургундары бирдин айында балдарга арналган оюн-аянтчасын жакшыртууга арыз менен кайрылган. Муну акимчилик карап чыгып, чиймелерди бекиткен. Бир жарым айдын ичинде заманбап балдар аянтчасы курулуп берилди.

Оксана Сомик, тургун:

- Долбоорго катышуу үчүн эки үйдүн жашоочулары чат аркылуу биргелешкен жыйын өткөрдүк. Биз ошол жерде өзүбүз чечтик. Биздин короодо эмне кылуу керек, кандай нерселерди өзгөрткүбүз келет? Үч долбоорду сунуштадык. Алардын ичинен тургундар шайлоо аркылуу бул долбоорду тандап алышты. Бул бюджетке катышуу долбоору биздин акимчиликтин сайтына жарыялангандан кийин өзүбүздүн сунушубузду бердик.

Программага аймакта катталган бардык жарандар катыша алат. Болгону, долбоордун деталдуу сүрөттөлүшү, фото-сүрөттөрү же чиймелери болушу керек. Ошондой эле, наркы болжол менен эсептелип, электрондук делого жазылууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков