Казакстанда айдоо иштери толугу менен
аяктады. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, айыл чарба жерлеринде 24
миллион гектарга жакын эгин айдалды. Айдоо аянттарын ар тараптандырууга өзгөчө
көңүл бурулду. Мында түшүм жүгүртүүнүн илимий негизделген ченемдери, климаттык
тобокелдиктерге туруктуулук жана рыноктук тенденциялар эске алынды. Айыл чарба техникаларын жеңилдетилген лизинг
аркылуу сатып алуу көлөмү 250 миллиард теңгени түздү. Быйыл кирешеси жогору
жана суроо-талапка ээ өсүмдүктөрдүн айдоо аянттары көбөйтүлдү. Мисалы, май
өсүмдүктөрүнүн аянты 500 миң гектарга, тоют өсүмдүктөрүнүн аянты 100 миң
гектарга артты. Жалпы аянты 6,5 млн гектардан ашат. Серепчилер бул ички
муктаждыгын камсыз кылууга жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин экспорттук дараметин
жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин айтышат. Белгилей кетсек,
быйыл айдап-себүүгө 700 миллиард теңге бөлүндү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

