Баш оона айынын 30у өлкөнүн Конституциясы кабыл алынган тарыхый күн! Анын расмий бекитилгенине быйыл 27 жыл толду. Бул жылдар аралыгында документке бир нече өзгөртүүлөр киргизилген. Белгилей кетсек, акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул жылдын кулжа айында өткөн республикалык референдумдан кийин кабыл алынган.
Арман Токтышаков, дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун талдоочусу:
- Чынында, оңдоп-түзөтүүлөр абдан кеңири көлөмдө болду. Баш мыйзамдын 33 беренесине жалпысынан 56 өзгөртүү киргизилген. Бул анын үчүнчү бөлүгү, башкача айтканда, чоң бөлүгү - десек болот. Конституциялык реформанын негизги максаты - иштеп жаткан мамлекеттик моделди системалуу түрдө кайра түзүү. Башкача айтканда, конституциялык өзгөртүүлөр өлкөдө жаңы укуктук базаны түзгөнү үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Жаңыланган Конституция – бул президент жарыялаган жаңы Казакстан, экинчи республика үчүн жаңы укуктук негиз.
Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун талдоочусунун айтымында, өлкөнүн жаңыланган баш мыйзамы жарандардын суроо-талабына жана коомдук кызыкчылыкка негизделген. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү биринчи кезекте тарыхый мааниге ээ, анткени реформалар республиканын масштабдуу саясий кайра жаралуусунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков