Казакстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйө баштады. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын биринчи жарымында эле өлкөгө 250 миң адам турист катары келсе, 266 миңи ишкердик максатында келген. Казакстандын жаратылышына келгендердин арасында Индиянын жарандары 6 эсеге көп. Кытай Эл Республикасынан келген туристтердин агымы 43,5%га өстү. Жаңы туристтик багыт катары Казакстанды түштүк кореялык саякатчылар 3 эсе, америкалыктар менен өзбектер 1,7 эсе, британиялыктар 1,5 эсе көп тандашкан. Саякатчылардын басымдуу бөлүгү Алматы, Астана шаарларына жана Акмола облусуна келишкен. Эс алуучулардын көбү мейманканаларда, бунгало же жыгач үйлөрдө, коттедждерде, ошондой эле жатаканалар менен кемпингдерде түнөшкөн. Эң көп турист, тагыраагы миллиондон ашык адам Алматынын тоо кластеринде эс алышкан. Мангыстау курорттук аймагына 163 миңдей турист, Щучье-Бурабайга 132 миңден ашуун эс алуучу келген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.