Кытай базарында Казакстанда жасалган өнүмдөр сатылат

Кытай базарында Казакстанда жасалган өнүмдөр сатылат

Бул тууралуу өлкөнүн Соода жана интеграция министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, дал ушул Кытай Эл Республикасынын рыногундагы эң ири электрондук соода аянтчасында 1 миллиондон ашык товарлардын түрү сунушталат. Анын катарын толуктоо боюнча сүйлөшүүлөргө экспорттук дарамети чоң 10го жакын ата мекендик ишканалар катышты. Булар негизинен күн карама, рапс майын, кондитердик азыктарды, суусундуктарды жана тамак-ашты өндүрүүчүлөр. Адистердин айтымында, Казакстанда электрондук коммерция рыногу күч алып келүүдө. Мисалы, былтыр бул көрсөткүч 1,3 триллион теңгени түзгөн. Көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 30%га жогору.

Которгон: Илгиз Жамалбеков