Казакстанга келген туристтердин саны өстү. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2022-жылдын 9 айында өлкөгө 3,5 миллионго жакын чет элдиктер келген. Саякатчылардын көбү Орусия, Түркия, Кытай, АКШ жана Германиянын жарандары. Алардын тандоосу негизинен Алматы, Астана шаарлары, Акмола облусу менен Шымкент, Жетису облустары болгон. Атап айтканда, 1,5 миллион адам Алматы тоо кластерине, 224 миңге жакыны Бурабай курорттук аймагына, 210 миңден ашууну Мангыстау курорттук аймагына, 338 миңден ашуун адам Алакөлгө, 94 миңге жакын турист Түркестан курорттук аймагына барууну эп көрүшкөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков