Токаев Коопсуздук Кеңешинин отурумун өткөрдү

Токаев Коопсуздук Кеңешинин отурумун өткөрдү

Казакстанда абал толук турукташып, мыйзамдуулук орноду. Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коргоо деңгээлин жогорулатуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди. Казакстандын президенти модернизацияланган улуттук коопсуздук тутумунун ар кандай чакырыктарга туруштук берүүгө даяр болуу зарылдыгын белгиледи. Президент кечиктирбестен улуттук коопсуздуктун бардык багыттарын бекемдөө боюнча конкреттүү чараларды ишке ашырууга киришүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков