Убакыт өтүп, заман менен адам өзгөрсө да салт түбөлүктүү. Улуттук кесипти көздүн карегиндей сактап келе жаткан чеберлер борбор калаада өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кийиз басуу, гобелен токуу, карапа жана тери иштетүү менен алектенген кол өнөрчүлөр «Салт жана мезгил» деп аталган уникалдуу көргөзмөгө чогулушту. Казакстандын бардык аймактарынан жыйналган өнөр ээлеринин эмгектери 1 айга жакын убакытта Улуттук музейдин көркүн ачып турат. Ошондой эле, бир композицияда аткарылган жана чеберлер менен биргеликте жасалган салттуу «курак» жана боз үйдүн керегесин иштетүүгө арналган жумушчу үстөлүнүн инсталляциясы көрүүчүлөрдүн назарына коюлду.
Венера Бейисбекова, кол өнөрчү:
- Бул көргөзмөгө жаңы стилдеги чоң эмгектерибизди алып келип жатабыз. Ата-бабабыздан келе жаткан каада-салттарыбызды азыркы муунга тарбия бере тургандай кылып киргизебиз. Ар бир чыгарма өзүнчө мааниге ээ жана тарбиялык негизи бар.
Шайзада Тохтабаева, тарых илимдеринин доктору:
- Мени өзгөчө кубандырганы – улуттук искусствобуздун өнүгүп келе жаткандыгы. Анткени бул өнөрдүн түрү өнүгүп-өсүүнү токтотпошу керек деп ойлойм. Жалпысынан казак элинин саркечтик колдонмо искусствосу абдан кызыктуу жана бай. Анда кийиз басуу, саймачылык өнөр дагы бар. Мына ушунун баарын жаш чеберлерибиз өздөштүрүп, оймо-чиймелерди технологияда, өз эмгектеринде колдонуп жатканы кубандырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков