Конституция күнү алдында жаңы жыйнак жарык көрдү

Конституция күнү алдында жаңы жыйнак жарык көрдү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев соңку эки жылда ишке ашырган саясий реформалар тууралуу толук маалыматты эми жаңы жыйнактан табууга болот. Бетачары Нур-Султанда өткөн жыйнакта өлкөдө орун алган көптөгөн социалдык-экономикалык жараяндардын аналитикалык түшүнүктөрү да камтылган. Ал эми китептин жооптуу редактору Казак-немис университетинин колдоосу менен тарых илимдеринин доктору Болат Султанов болду. Тандалган чыгармалардын жыйнагы Конституция күнүнүн алдында жарык көрдү. Авторлордун айтымында, басылмада чогултулган макалалар, маектер жана кайрылуулар Касым-Жомарт Токаевдин реформа саясатынын маңызын аудиторияга жеткирүүгө чоң түрткү болот. Ал эми жыйнактын негизги бөлүгү элдин үнүн уккан мамлекет, «угуучу өкмөт» принциптерине арналган.

Марат Башимов, Улуттук коомдук ишеним кеңешинин мүчөсү

- Бул жылдар аралыгында Президент эл аралык аренада, БУУ системасында иштеди, ал мындай беделдүү эл аралык уюмдун бардык көрсөткүчтөрүн жакшы билет. Адам укуктары боюнча көрсөткүчтөр, адамдык капиталды өнүктүрүү, жарандык коомдун өнүгүү көрсөткүчтөрү жана дагы башкалар. Мунун баары китепте камтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков