Орусияда 5 шайлоо участкасы иштейт

Орусияда 5 шайлоо участкасы иштейт

Алар Москва, Санкт-Петербург, Астрахань, Казань жана Омскиде жайгашкан. Бардык пункттарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлөт. Белгилей кетсек, казакстандыктар үчүн дүйнөнүн 62 өлкөсүндө шайлоо тилкелери ачылат. Республиканын элчиликтеринин жана консулдуктарынын жанында бардыгы болуп 77 шайлоо участогу түзүлөт.

Руслан Шаймаганбетов, №265 шайлоо участкасынын катчысы:

Добуш берүү эртең мененки саат 07:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Учурда Москванын консулдук каттоосунда 1480дей жараныбыз турат. Орусия Федерациясына келген жарандар элчиликтердин жана консулдуктардын сайттарына каттала алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков