Президент Касым-Жомарт Токаев Маңгыстау облусуна жана Алматы шаарына өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Акорданын расмий сайтында жарыяланды. Өзгөчө абал режими үчтүн айынын 5нен 19на караган түнгө чейин уланат. Мындай чара кырдаалдын курчушуна байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынды. Белгилей кетсек, Мамлекет башчы түзүлгөн кырдаал боюнча билдирүү жасаган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Урматтуу мекендештер, кымбаттуу туугандар. Бардыгыңыздарга дагы бир жолу айткым келет: ичтен жана сырттан келген ар кандай жалган маалыматтарга ишенип, митингге чыккан топтун аракеттери менен тартипсиздикке ээрчибей, сабырдуулук менен акылман чечимдерди кабыл алууга чакырам. Жарандык жана аскердик кызматтын имараттарына кол салууга чакырган ураандар толугу менен мыйзамга каршы келет. Бул одоно кылмыштык аракет. Бийлик алмашпайт. Бирок бизге өз ара ишеним жана диалог керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков