Жаңы ишканалардын ишке кириши Казакстанга 840 млрд теңге инвестиция тартты

Жаңы ишканалардын ишке кириши Казакстанга 840 млрд теңге инвестиция тартты

Казакстанда өткөн жылы 33 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирди. Алар унаа жасоодон жана металлургиядан баштап жеңил өнөр жайга чейинки багыттардын кеңири спектрин камтыйт. Атап айтканда, жылына 120 жана 70 миң унаа чыгарууга эсептелген эки автоунаа заводу ишке киргизилди. Металлургия тармагында темир жана феррокуймаларды эритүүчү ишканалар ачылды. Ал эми Караганды облусунда комплекстүү куймалар заводу иштеп баштады. Бул жерде ферросилиций өндүрүлөт – ал болот, алюминий үчүн керек, аны электроникада да колдонушат. Химиялык өнөр жайда компаниялардын жылына 100 миллион метрге чейин резина-пластмасса буюмдарын чыгаруу боюнча долбоорлору ишке ашырылды. Дагы бир завод жылына 10 миң тоннага чейин метилэтанол өндүрөт. Ишканалар өлкөгө 840 миллиард теңге инвестиция тартып, өлкөнүн өнөр жай алкагын күчөтүүдө.

Мухамед Андаков, өнөр жай жана курулуш министрлигинин өнөр жай комитетинин төрагасынын орун басары:

- 2025-жылы Казакстанда 10 жаңы өндүрүш түзүлдү. Алар оор унаа жасоо, жеңил унаа жана кагаз өнөр жай тармактарында ишке киргизилди. Бул долбоорлорду ишке ашыруу даяр өнүмдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, импортту алмаштырууну жогорулатат, ошондой эле биздин даяр өнүмдүн чет өлкөлөргө экспортко багытталышын көбөйтөт. Бул чаралардын баары биригип өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков