Галымжан Габдешов жетектеген ата мекендик окумуштуулар тобунун кезектеги ойлоп табуусу бери дегенде караңгы дүйнөнүн караңгылыгынан аз да болсо арылтат. Башкача айтканда, анын жардамы менен көзү азиз адамдар сыртка чыгуу үчүн башкалардын жардамына муктаждык жаратпайт. Болгону жол боюна орнотулган магниттик белгилер менен байланыштуу колунда атайын таяк болгондугу жетиштүү.
Галымжан Габдрешов, ойлоп табуучу:
- Ар бир белги ага жүктөлгөн маалымат жөнүндө кабарлайт. Мисалы, жолдо аялдама же имарат болсо алдыга же артка, оңго же солго бурулуш керек, тепкичтен ылдый же жогору деп багыттайт. Мына ушулардын бардыгын жүзөгө ашыруу үчүн ичке таяктын башына радио кабыл алгыч орноттук. Бул бир гана прототиби. Өндүрүш модели абдан жеңил болот. Сабындагы бул кичинекей аппарат кыска термелүүлөрдү жаратат. Адамдын колу таяктын учундагы титирөөнү сезип, толкундардын саны менен жыштыгы жана ритмине карап кандай тоскоолдук бар экенин аныктап, коопсуз жана туура жол менен жүрүшүнө ишенимдүү болот.
Окумуштуу электрондук жолдордун жаратылыштын сырдуу мүнөзүн жана нымдуулукка чыдамдуулугун өзгөчө көңүл бурган. Ал жезден жасалган радио белгилерди колдонуу диапазону альтернативдик түрлөргө караганда алда канча кеңири жана узун, бирок баасы бир нече эсе арзан болорун ишендирди. Сыноодон ийгиликтүү өткөн инновациялык ойлоп табуу эл аралык патентке ээ. Бүгүнкү күндө дүйнө мамлекеттери бул ата мекендик долбоорго кызыгып жатышат. Алардын бири АКШ. Учурда келишим бар. Планга ылайык, электрондук жолдор Техас жана Массачусетстеги Перкинс, кийинчерээк башка штаттардагы көзү азиз балдар үчүн 46 мектепте орнотулат.
Галымжан Габдрешов, ойлоп табуучу:
- Техаста эң чоң мектеп жайгашкан. Ал жактагы долбоор кызыктуу болот. Биз шаардын бардык негизги көчөлөрүнө атайын белгилерди орнотууну пландап жатабыз. Анын максаты – көзү көрбөй калган жарандардын ээн-эркин жүрүп, баргысы келген жерине өздөрү жете ала тургандай шарт түзүү. Эң негизгиси ал жерде иштеген кадрдык база бар. Алар азыртадан эле ойлоп табууну мындан ары да жакшыртуу жана сапаттуу кылуу үчүн идеялары менен бөлүшүп, пайдалуу кецештерин берип жатышат.
Андан кийин Кытайдын рыногуна чыгуу пландалууда. Сунуш түшүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасында керектүү магниттик жана эсептөөчү элементтерди өндүрүшү колго алынды. Иштеп чыгуучулар учурдагы процессти онлайн режиминде башкарат. Ал эми микросхемаларды монтаждоо жана эсептөөчү приборлорду таяктарга орнотуу Казакстанда жүзөгө ашырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков