Казакстанда блогерлердин кызматын мыйзамдаштыруу тууралуу сунуш айтылды

Казакстанда блогерлердин кызматын мыйзамдаштыруу тууралуу сунуш айтылды

Блогерлерди жана алардын коомдогу аткарган ролун мыйзамдаштыруу керек. Тиешелүү жобону «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга киргизүү тийиш. Мындай сунушту Казакстан элдери ассамблеясынын журналисттер клубунун төрайымы Аделия Тухбатова борбор калаада өтүп жаткан «Ачык маалымат мейкиндиги: коомдук суроо-талап жана медиа индустриядагы тенденциялар» аттуу жыйында билдирди. Спикердин айтымында, журналисттердин этикалык кодекси бар, ал эми блогерлердин жана блогосферанын ишмердүүлүгү мыйзам менен жөнгө салынган эмес.

Аделия Тухбатова, КЭА журналисттер клубунун төрайымы:

- Блогерлерди коомдук пикирдин лидерлери десек болот. Алардын 2-3 миллион аудиториясы бар. Бул адамдар өздөрүнүн кумирлерин пикирлерин угуп, алардын аракеттерин колдошот. Кээде блогердин сөздөрү жана аракеттери мыйзамсыз болот. Чындык менен жалган маалыматты ажырата албай калган учурлар кездешет. Ошондуктан, алар билбестен жалган маалыматты ээрчип кетиши мүмкүн. Президент Касым-Жомарт Токаев буга чейинки кайрылуусунда ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамдын реформаланышы күтүлүп жатканын айткан. Блогерлер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деп ойлойм. Анткени алардын ишмердүүлүгү бул мыйзам менен жөнгө салынбай келет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков