Президент Сауд Аравиясынын айыл чарба министри Абдулрахман Аль-Фадлини кабыл алды

Президент Сауд Аравиясынын айыл чарба министри Абдулрахман Аль-Фадлини кабыл алды

Казакстан азык-түлүк коопсуздугу боюнча дүйнөдөгү негизги оюнчулардын бирине айлана алды. Бул тууралуу Казакстандын президенти менен жолугушкан Сауд Аравия Королдугунун айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстары министри Абдулрахман Аль-Фадли билдирди. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуу маселелери, айыл чарба жана туризм тармактарындагы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды. Касым-Жомарт Токаев Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маанилүү экенин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

Мен Жиддага болгон сапарымда мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен жолугуштум. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкты жана алакаларды мындан ары да чыңдоо боюнча макулдаштык. Биздин өз ара келишимдерибиз азыртадан эле ишке ашырылып жатат жана ырааттуу түрдө аткарылып келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков