Астанада Борбор Азия менен Каспийдин энергетикалык жумалыгы өтөт

Астанада Борбор Азия менен Каспийдин энергетикалык жумалыгы өтөт

Аяк оона айынын 5-6да Астанада Борбор Азиянын жана Каспийдин энергетикалык жумалыгы өтөт. Ага Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана коңшулаш мамлекеттердин өкүлдөрү катышат. Муну менен катар алардын арасында региондогу «жашыл энергетикага» өтүүгө колдоо көрсөтүүнү каалаган инвесторлор жана алдыңкы технологиялык компаниялар бар. Форумдун күн тартибинде нормативдик-укуктук базаны талкуулоо, энергиянын альтернативдүү булактарын каржылоо жана  күндүн фотоэлектр энергиясы, энергияны сактоо, шамал энергиясы, жашыл суутек жана гидроэнергетиканы кошо алганда, алдыңкы технологиялык долбоорлор изилденет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков