Казакстандын
жаңы Конституциясынын долбоорунун жоболору - өлкөнүн саясий модернизациялоо
курсунун уландысы. Бул тууралуу брюсселдик саясат таануучу Альберто Тюркстра
билдирди. Анын пикиринде, сөз бийлик бутактарынын ортосундагы институттарды
жана тең салмактуулукту чыңдоого багытталган ырааттуу трансформация этабы тууралуу
болуп жатат. Ал негизги жаңылыктардын арасында бир палаталуу системага өтүүнү
жана вице-президент институтун киргизүүнү белгилейт. Талдоочу аларды саясий
моделдин натыйжалуулугун жана болжолдуулугун жогорулатуу менен байланыштырат.
Альберто
Тюркстра, Саясат таануучу, Diplomatic World басылмасынын долбоорлор жетекчиси:
- Президент
Токаев жарыялаган конституциялык өзгөртүүлөр – бул күчтүү, отчёттуу жана
туруктуу институттарды, бийлик бутактарынын так бөлүнүшүн камтышы керек болгон
Казакстанды модернизациялоонун жана мамлекет куруунун жаңы этабынын жогорку
чеги. Анын үстүнө вице-президент кызматын киргизүү болжолдуулуктун элементин
кошот. Бул чет элдик инвесторлор үчүн абдан маанилүү. Бул Казакстандын
стратегиялык багытында жана стратегиялык артыкчылыктарында олуттуу өзгөрүүлөр
болбойт деген белги берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

