Астанада Казакстандын тарыхый карталарынын галереясы ачылды

Астанада Казакстандын тарыхый карталарынын галереясы ачылды

Астанадагы Президенттик борбордо 60ка чукул сейрек кездешүүчү тарыхый карта коомчулукка сунушталды. Алардын көбү буга чейин эч жерде жарыяланган эмес.  Көргөзмөнүн ачылышы Казакстандын Конституциясынын күчүнө киришине туш келди. Экспозициянын негизин окумуштуу Мухит-Ардагер Сыдыкназаровдун көп жылдык илимий эмгектеринин жыйынтыгы түздү. Бул жерде араб, европа, америка жана түрк-мусулман тектүү, XI-XIX кылымдар аралыгында түзүлгөн карталар чогултулган. Экспонаттар казак мамлекеттүүлүгүнүн көп кылымдык тарыхын чагылдырып, чек араларды, топонимиканы, демографиялык жана миграциялык процесстерди, ошондой эле улуттук маданияттын өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө жардам берет. Бул материалдардын жардамы менен мурда белгисиз болгон тарыхый шаарлар табылып, казак хандарынын алгачкы сүрөттөрү камтылган. Уюштуруучулардын айтымында, долбоор тарых илимин, заманбап технологияларды жана агартуу ишмердүүлүгүн бириктирген илимий-билим берүүчү аянтчага айланат.


Мухит-Ардагер Сыдыкназаров, Л.Н. Гумилев атындагы  ЕНУнун Заманбап изилдөөлөр институтунун мүдүрү:


Изилдөө жылдарында мен 10 миңден ашык карта таптым. Брюсселде, Атлас китебинде эки монография жарык көрдү, анда 400гө жакын карта көрсөтүлгөн. Ошондуктан, бул карталардын бардыгы казак мамлекеттүүлүгүнүн болгондугунун  айкын далили. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин демилгеси менен Конституцияда кабыл алынган ушул сыяктуу укуктук документтер да кезинде казак мамлекеттүүлүгүнүн бекем пайдубалы жана тиреги болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков