Казакстан Кипр менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрөт. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тышкы иштер министри менен жолугушууда билдирди. Президент Кипр өкмөтүнүн Астана шаарында элчилик ачуу тууралуу чечимин кубаттады. Бул кадам 30 жылдан ашык убакыттан бери калыптанып келе жаткан бекем саясий диалогду жана инвестициялык кызматташтыкты дагы да бекемдеп, дипломатиялык байланыштардын жаңы мезгилине жол ачып, өз ара өнөктөштүктүн өнүгүшүнө түрткү берет. Өз кезегинде Константинос Комбос эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков