Конаев шаарынын башкы планы кабыл алынды

Конаев шаарынын башкы планы кабыл алынды

Өкмөт Конаев шаарынын башкы планын кабыл алды. 2050-жылга чейин шаарды өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын ишке ашыруу көздөлүүдө. Бул арада шаар аймактын заманбап көп тармактуу борборуна айланууга тийиш. Масштабдуу планда облустук борбордун чек арасына кошулган калктуу пункттар жана турак-жай комплекстери да эске алынган. Жалпысынан Конаевди Алматы агломерациясынын, азык-түлүк алкагынын, мунай жана газды кайра иштетүүчү, мунай-химиялык өнүктүрүүнүн инновациялык-индустриялык шаарына айландыруу каралып жатат. Мындан тышкары, документте аймактын негизги туристтик багыттарынын бири катары шаардын чоң мүмкүнчүлүктөрү баса белгиленген. Жалпы алганда, чейрек кылымдан ашык убакыт ичинде Конаев Алматы облусунун аймагындагы транспорт-логистикалык хабка айланат. Башкы планда коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча комлпекстүү чаралар колго алынат.

Динара Алимова, Премьер-министрдин маалымат катчысы:

Облустун борборунда ири турак-жай курулушу жүргүзүлөт. Бардыгы болуп 2,5 миллион чарчы метрден ашык жаңы турак-жайды пайдаланууга беруу пландаштырылган. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин санын эки эсеге көбөйтүү каралууда. Ошондой эле 24 саат иштеген медициналык ооруканалардагы керебеттердин саны эки эсеге көбөйөт. Жалпысынан бул мезгилде шаар аймактын заманбап каржы, маданий, туристтик, илимий, билим берүү, логистикалык жана индустриалдык-инновациялык борборуна айланууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков