Казакстанда 2023-жылы кесиптерге болгон суроо-талап

Казакстанда 2023-жылы кесиптерге болгон суроо-талап

Ошентип, быйылкы жылы орто мөөнөттүү болжолдоо боюнча кесиптин бул категориясына муктаждык 198 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди. Ошол эле учурда бизнес кызматтарына, башкача айтканда, жалпы кеңсе кызматкерлерине, кыймылсыз мүлк агенттерине, иштеп чыгуучуларга жана программалык камсыздоону тестирлөө сыяктуу кесиптерге суроо-талап артат. Ал эми өнөржай тармагына, атап айтканда жеңил, жүк транспортторунун айдоочулары менен электротехниктерге андан кийин дыйкандарга, трактор айдоочуларына суроо талап жогорулайт.

Улпан Шегенова, эмгек ресурстары борборунун стратегия департаментинин мүдүрү:

Бул биринчи кезекте демографиялык кырдаалга, башкача айтканда, калктын өсүшүнө байланыштуу. Мунун кесепетинен пайда болгон билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тейлөө тармактарында, соода-сатыкта адам санынын, адистердин көбөйүшүнө байланыштуу кадрларга муктаждык жаралат деп ойлойбуз. Бул ар кандай факторлорду эсептөө жана статистикалык маалыматтардын негизинде эсептелет. Жакынкы 30 жылга чейинки болжол боюнча тейлөө жана билим берүү тармагындагы адистерге муктаждык абдан чоң болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков