Айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн кантип 50% жогорулатуу керек? Бул Казак агротехникалык университетинин окумуштууларына белгилүү. Бүгүн алар айыл чарба тармагындагы жаңы долбоорду иштеп чыгышты. Бул - ата мекендик дыйкандар үчүн чыныгы жер семирткич. Мамлекеттик колдоонун аркасында 2018-жылы «Илим фонду» аркылуу ойлоп табуучулар 240 миллион теңге өлчөмүндө грант алышты. Бул каражатка жабдуулар сатылып алынып, чакан өндүрүш ишке кошулду.
Саяхат Нукешев, долбоор жетекчиси:
- Бизге Сакен Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык университети айыл чарбачылык элементтерин киргизүү боюнча илимий -методикалык борбору катары сунушталды. Бул агроөнөр жай комплексин санариптештирүүнүн алкагында. Быйылкы жылдын чын куран айында биз Түндүк жана Борбордук Казакстан аймактарынан 9 пилоттук чарбасынан топурактын үлгүлөрүн алдык. Дан эгиндерин өстүрүүчү региондордон. Ошентип, талаалардын 90 пайызынан ашыгында азот менен фосфордун өлчөмү аз экендиги белгилүү болду. Ошондуктан дыйкандардын өтүнүчү боюнча биз өз идеябызды өнүктүрүп, жер семирткич жасадык.
Иштеп чыгуучулар бул техниканын жардамы менен күнүнө 50 гектар жерди жер семирткич менен иштетүүгө болорун айтат. Азык болуучу заттардын жетишпөөчүлүгү, топурактын тыгыздалышы, айыл чарба өнүмдөрү сапатынын төмөндөшү. Жергиликтүү топуракка тиешелүү маселелердин бардыгын аталган өнүм оңой чечет. Бүгүнкү күндө өнүмгө коңшу өлкөлөрдүн дыйкандары кызыгуучулук артууда.
Саяхат Нукешев, долбоор жетекчиси
- Албетте, суроо-талап бар. Бирок, негизги милдет - ички рынокту камсыз кылуу. Эгерде бууланган талааны бир жолу азыктандырсаңыз, аны 4-5 жыл уруктандырбасаңыз болот. Ошентип, бир нече операцияларды бириктирип, терең иштетүү. Жер семирткичтерди ар тараптандыруу, башкача айтканда, жер семирткичтердин дифференциациясы аркылуу 50%га чейин үнөмдөөгө болот.
Кайрат Айтуганов, С. Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык университетинин башкарма төрагасы:
- 2019-жылы Караганды облусунун Осакаров районунда гектарынан 50 центнерден түшүм алдык. Бул бүткүл Казакстан боюнча тарыхый рекорд болуп саналат. Быйылкы жылы, абдан кургакчылык болуп курал менен иштетилген талаалар болду. Бирок, кадимки классикалык иштетүүгө караганда 2-3 центнерден көп түшүм берет.
Илимпоздордун айтымында, бүгүнкү күндө мамлекет айыл чарбасында илимий долбоорлорду өнүктүрүүгө жана коммерциялаштырууга артыкчылык берет. Ошентип, казакстандык иштеп чыгуучулардын идеялары өлкө экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков