Казакстанда жаңы жылдын башкы символу болгон балатыны
сатуу сезону башталды. Майрамды кооздоо үчүн жасалма же табигый балатыларды тандоого
болот. Акыркысы бактарды санитардык тазалоо жолу менен же атайын питомниктерде
өстүрүлүп, сатыкка чыгарылат. Мисалы, мындай карагайлардын бири Акмола
облусунда жайгашкан. Бирок, бул көчөттөрдүн аз гана бөлүгү майрам алдында өткөрүлөт.
Ал эми негизги көлөм «Бурабай» улуттук сейил багынын токой фондусун толуктоого
багытталат.
Бейбит Ергалиев, «Бурабай» сейил багынын басчысы:
- Биздин питомниктин жалпы аянты 32 гектарды түзөт. Ал
бир нече бөлүктөн турат. Бир бөлүгүн жемиш бактары түзсө, ал эми бир бөлүгүнө
көчөттөр гана отургузулат. Мында аларды жакшы карайбыз. Алар болжол менен 7-8
жылдан кийин гүлдөшөт. Ошондо гана биз жергиликтүү элдин, шаардыктардын суроо-талабына
ылайык сатабыз. Көпчүлүк бөлүгү токой чарбаларына тарайт. Ал жерде карагайлар
токой фондусун жаңыртышат. Бул абдан түйшүктүү жана татаал иш. Өсүп жетилүүсүнө
тоскоол болгон отоо чөптөр, өсүмдүк оорулары жана зыянкечтер менен күрөшөбүз.
Балатылар
өлкөгө коңшу өлкөлөр-Кыргызстан жана Орусиядан да жеткирилет. Ийне жалбырактуу
бизнестин оош-кыйыштарын Темирлан Коратай жакшы билет. Атамекендик ишкер 12
жылдан бери балатыны сырттан ташып келет.
Темирлан Коратай, ишкер:
- Балатыга көңүл бурабыз. Ал он эки жыл бою түсүн
өзгөртпөстөн, өңүн сактап турат. Биз аларга керектүү кам көрүп жатабыз. Тамырына
балта чаппай атайын идиште сатабыз. Ага суу куюп койсоңуз, ал жапжашыл болуп чыга
келет.
Деген менен казакстандыктардын көпчүлүгү табигый эмес
жасалма үлгүлөрдү тандап алууга аракет кылышат. Адамдар бул айлана-чөйрөнү
коргоо менен катар абдан натыйжалуу экенин айтышат.
- Балатыларды сактоо керек. Ошондуктан, жасалма түрлөрүн
сатып алабыз. Аларды бир нече ирет колдонууга болот.
- Экологияны коргоо үчүн жасалма балаты койгон туура.
Өткөн жылы сатып алдык. Ал көпкө жетет.
- Мага табигый балаты жагат. Анын жыты өзү жаңы жыл келгенин көрсөтүп тургандай.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

