Сенат КМШ алкагында автордук укукту сактоого байланыштуу документти кабыл алды

Сенат КМШ алкагында автордук укукту сактоого байланыштуу документти кабыл алды

Өлкөнүн Сенаты Шериктештикке мүчө мамлекеттердин маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактардагы автордук жана чектеш укуктарды сактоо, коргоо боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууну жактырды. Документ бул багытта интернетте укук бузууларга каршы аракеттенүү механизмдерин түзүү боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталган. Башкача айтканда, катышуучу өлкөлөр аталган жалпы көйгөйдү эл аралык деңгээлде чечүүнүн оптималдуу жолдорун биргелешип издешет. Белгилей кетсек, өткөн жылы КМШнын сегиз өлкөсү ушундай келишимге жетишкен. Учурда Орусия, Армения, Беларус, Кыргызстан жана Өзбекстан буга байланыштуу ички жараяндарды өткөрүшкөн.

Амангелди Толамисов, Парламент Сенатынын депутаты:

- Өлкөбүздүн мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, макулдашуунун аткарылышын камсыз кылуу процессинде: мыйзамдарды өркүндөтүү, катышуучу мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташууну жана маалымат алмашууну тереңдетүү, көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамсыздыктын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды иштеп чыгуу, бул темада семинарларды, конференцияларды жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өткөрүү багыттары боюнча кызматташтыкты өнүктүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков