Нур-Султанга кирип-чыгууга чектөө коюлду

Нур-Султанга кирип-чыгууга чектөө коюлду

Нур-Султан шаары аймагына 6 өткөрүү пункту орнотулду. Алар — Караганды, Косшы, Көкшетау, Павлодар, Коргалжын жана Астрахан багыттары. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Борбор калаада кечки саат 23:00дөн таңкы 7ге чейин коменданттык саат киргизилди. Чектөөчү чаралар коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталган. Шаардагы абал тартип сакчыларынын толук көзөмөлүндө.

Ержан Саденов, шаардык полиция департаментинин башчысы:

- Борбор калаанын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн атайын уруксат кагазы (пропуск) менен белгиленген убакта шаарга кирүүгө уруксат берилет. Бүгүнкү күндө операциялык абал туруктуу. Шаардыктарга тартипти сактоону, үйдө отурууну, балдарынын кайда жүргөнүн көзөмөлдөп, эл көп чогулган жерлерге барбоону кеңеш берет элем. Бул жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын баары мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылууга, тиешелүүлүгүнө жараша жарандардын коопсуздугун коргоого багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков