Акмола облусунун Зеренди айылында балдар жана өспүрүмдөр
үчүн спорттук мектептин курулушу башталды. Бул мамлекет башчысынын тапшырмасы
боюнча кайтарылган активдердин эсебинен реалдуу курулушу башталган аймактагы
биринчи объект. Аталган объекттин наркы 2 миллиард теңгеден ашат. Аянты
болжол менен алты миң чарчы метрди түзөт. Бул жерде күрөш, бокс, лыжа тебүү
сыяктуу жайкы жана кышкы спорт түрлөрү үйрөтүлөт. Бул үчүн имарат 2 спорт залы
жана бардык керектүү шаймандар менен жабдылат.
Мектеп бир нөөмөттө 80 адамды кабыл алат. Курулуш иштерин үстүбүздөгү
жылдын бештин айында аяктоо көздөлүп жатат.
Кайырбек Калибаев, Адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин
мүдүрү:
- Биздин спорт мектебибиздин жаңы имараты учурда 806 окуучуну, 25 машыктыруучуну камтыйт. Миңден ашык спортчуга жеткирүүгө жана 4 спорт түрүн кошкондо машыктыруучулардын санын көбөйтүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз. Эски имаратта болгондо облусту, республиканы, эл аралык деңгээлде жүрдүк. Эми максатыбыз-спортчуларды Азия, Дүйнөлүк, Олимпиада оюндарына даярдоо.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

