Жасалма интеллект көрүүсү начар жана сокур адамдарга
жардам берет. Казакстандык окумуштуулар инклюзивдүү гид иштеп чыгышты. Жасалма
интеллектке негизделген аппарат каалаган жерде багыт алууга жардам берет. Болгону
объекттин картасын жүктөө керек. Ал эми орнотулган лазер жана камера имараттын
ичинде жайгашкан QR-коддор аркылуу маршрут түзөт. Гид маалыматты атайын кулакчынга
өткөрүп берет. Система интернет жеткиликсиз жерлерде жана кубаттоосуз 5 саатка
чейин автономдуу иштей алат. Пайдалуу иштеп чыгуулар жасалма интеллект
жаатындагы жетишкендиктердин көргөзмөсүндө – ENU AI Expoдо көрсөтүлдү. Дагы бир
долбоор – «электрондук мурун». Жасалма жыт сезүү системасы айлана-чөйрөгө чыккан
заттарды көзөмөлдөөгө жана өнүмдүн сапатын аныктоого мүмкүндүк берет.
Алия Исайнова, Изилдөө тобунун
мүчөсү:
- Биздин максатыбыз импортту
алмаштыруучу кымбат баалуу приборлорду иштеп чыгууга багытталган, алар
нанотехнология, жасалма интеллект жана IoT-системалары сыяктуу үч негизги
багытты бириктире алат. Бул система газдарды аныктоочу сенсорлорду иштеп
чыгууга негизделген, алар чоң маалыматтардын негизинде электрондук сенсорлорго
чыгарылып, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы жөнүндө маалымат берет.
Онлайн окутууга жардам берүүчү лектор-аватар, SignBridge
– тексттерди казак жаңдоо тилине виртуалдык жардамчы менен которуу долбоору.
Көргөзмөдө көрсөтүлгөн бардык иштеп чыгуулар жасалма интеллекттин
мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга, ошондой эле тажрыйба алмашууга багытталган.
Лейла Сабитова, ЕУУнун
онлайн-окутуу департаментинин мүдүрү:
- Бул бири-бирибизди тымызын карап жатканыбыз эмес. Бул көбүрөөк бири-бирибизден үйрөнүп жатканыбыз жөнүндө. Келечекте коммерциялаштыруу жагынан, бизде кээ бир AI агенттерине арыздар бар. Бул баарынан да инклюзивдүү гидди кызыктырат. Ал казак тилинде гана иштейт. Идея боюнча аны каалаган тилге багыттоого болот. Бирок бизди азыр көбүрөөк казакстандык коомду жана казакстандык AIди өнүктүрүү кызыктыргандыктан, бардык AI агенттеринин 90 пайызы казак тилинде иштелип чыккан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

