Казакча үйрөнүүгө куштар корей студенттери

Казакча үйрөнүүгө куштар корей студенттери

Казакстан аймактык билим берүү борборуна айланууда. Учурда өлкөдө билим алган чет элдик студенттердин саны өсүп келет. Алардын бири – кореялык Чан Сон. Казак достору ага «Жандос» деген ысым ыйгарышкан. Корей студенти казак тилин мыкты өздөштүрүүгө бел байлаган.

Саламатсызбы? Менин атым Жандос. Мен студентмин. Кореядан келдим. 

Түркестанда жаңыдан ачылган Вусонг университетинин эл аралык кампусунда окуп жүргөн корейлер аз эмес. Учурда алар казакстандык жаштар менен катар заманбап багытта билим алууда.

Ким СынгДжин, Корея студенти:

- Бул университет тууралуу биз Кореяда жүргөндө уктук. Ошондо башка өлкөдө окуу кандай болот экен деген ой келди. Алгач жергиликтүү студенттер менен жакындан таанышып, бирге сейилдегим келди. Бирок алар көп убактысын окууга арнаганын байкадым. Анан мен да аларга  карап, билимге көбүрөөк көңүл бура баштадым.

Ергали Бердибаев, «Woosong» университетинин Жасалма интеллект жана маалыматтар илими кафедрасынын профессору:

- Эл аралык университеттерге келсек, биринчи кезекте алар англис тилинде гана окутулат. Азыркы тапта тышкы рынокто, анын ичинде Кореяда жасалма интеллект жана маалымат илими ушунчалык өнүккөндүктөн, ушул тармак боюнча адистерди даярдап чыгарган борбор болмокчу.

Бүгүнкү күндө Түркестанда 1200дөн ашык чет элдик студент билим алууда. Алардын көбү Түркия, Азербайжан, Якутия, Корея сыяктуу өлкөлөрдөн келет. Чет элдик жаштарда медицина, инженерия, IT, социалдык жана экономикалык тармактарга кызыгуу жогору.

Которгон: Илгиз Жамалбеков