Казакстандык окуучулар эл аралык олимпиадада жана мелдештерде 563 медаль утуп алышты

Казакстандык окуучулар эл аралык олимпиадада жана мелдештерде 563 медаль утуп алышты

2024-жылы казакстандык окуучулар ар түрдүү даражада 563 медалга ээ болушту. Алардын 77си алтын, 200дөн ашыгы күмүш жана 285и коло. Бардыгы болуп 1800дөн ашуун окуучу 35 эл аралык олимпиадаларда жана сынактарда өлкөнүн намысын коргоду. Өлкөнүн Окуу-агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, студенттер Сингапурда, Кытайда, Грецияда жана АКШда өткөн робототехника боюнча эл аралык чемпионаттарда жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Муну менен катар Балкан жарым аралындагы мыкты математиктердин катарынан көрүндү. Робототехника боюнча «First Global Challenge» дүйнө чемпионатында казакстандыктар 190 өлкөнүн өкүлдөрүнөн озуп чыгып, глобалдык аренада лидерлигин кайрадан далилдеп, үч жолку чемпион болушту. 

Нурлан Жумагелди, Республикалык «Дарын» илимий-практикалык борборунун мүдүрүнүн орун басары: 

- Бул чоң жакшы жетишкендик. Мындан тышкары, биз дүйнөдөгү эң ири 7 Олимпиада жөнүндө сөз кылабыз, математика, физика, химия, биология, информатика, география, лингвистика боюнча өлкөбүздүн атынан барган 31 окуучунун ичинен 26сы байгелүү орундарды ээледи. Эми биз келе жаткан Жаңы жылда, ушундай чоң ийгиликтерге жетебиз деп ишенебиз. Чоң эл аралык Жаутиков олимпиадасы менен баштайбыз. Казакстандык таланттуу балдарга, ата-энелерге, мугалимдерге жана өлкөнүн башка жарандарына ийгилик каалайбыз. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков