Казакстандык студент кесипкөй багыт берген аппарат ойлоп тапты

Казакстандык студент кесипкөй багыт берген аппарат ойлоп тапты

Түркестандык студент окуучуларга кесиптик багыт берүүчү аппарат ойлоп тапты. Анын жардамы менен электроника, мехатроника, автоматташтыруу жана программалоо сыяктуу түрдүү инженердик жана техникалык багыттардын негиздери менен таанышып, тажрыйбалык тапшырмаларды аткарууга болот. Өлкөдөгү Кентау политехникалык колледжинин студенти Улыкбек Бахтияров ASAR-1 деп атаган өнөр табышын 6 ай бою кураштырган. Уникалдуу аппаратка 22 түрдүү датчик жана компонент коюлган. Долбоордун автору бул ишин патенттеп, атамекендик рынокко чыгарууну көздөп жатат.

Улыкбек Бахтияров, долбоордун автору:

- Бул стенд менен 13 кесипти үйрөнүүгө болот. Мунун аркасында студент өзүн ар кандай адистикте сынап көрө алат. Азыркы заманда көбүнчө мектеп окуучуларында өз кесибин билбөө көйгөйү бар. Ал эми бул стенд ошол көйгөйдү чечип бере алат. Окуучу ушуну менен иштеп, өзүнө жаккан кесипти таап алса, дароо 11-класстан кийин өз кесибин тандай алат.

Алихан Султанбаев, Кентау политехникалык колледжинин мүдүрү:

- Билимдүү жаштарды чогултуп, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп, өздөрүнүн идеяларын ишке ашырууга багыт берүү иштерин уюштуруу. Аталган долбоордогу менин максатым ушул болду. Азыркы учурда бул долбоор стартап долбоорлор байкоосунда, олимпиадаларга катышуу үстүндө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков