Көчмөн маданият мурасы менен улуттук баалуулуктар даңазаланат

Көчмөн маданият мурасы менен улуттук баалуулуктар даңазаланат

Түркестан облусунун тургуну казак элинин маданий баалуулуктарын даңазалап келет. Карабай Курбаев 2 жылдан ашуун көчмөндөрдүн муундары үчүн эң ыйык нерсе болгон боз үй тигүү менен алектенет. Колунан көөрү төгүлгөн чебердин айтуусунда, мындай өнөр ага атасынан калган. Ал устакана ачып, жанына жардамчыларды алган. Боз үйдүн ууктарын карагайдан, талдан жасайт. Антсе да, чеберлер заманбап жабдуулардын бар экендигине карабастан, ата-бабаларынын осуяттарын аткарып, материалдарды кол менен иштетүүнү артык көрүшөт. Көчмөндөрдүн салты ушундай сакталат дешет.

 

Абай Жалгасбек уулу, устанын жардамчысы:

Буга суу куюп, астына от жаккан кезде, ичине буу толот дагы отунубуз жумшартат. Аны ийгенге оңой болот. Буу бөлмөдө 2 сааттан 4 саатка чейин турат. Таяк ичке болсо 2 саат, жоон болсо 4 саат койобуз. Ийилгенде сынып кетпейт.


Келечекте уста өз өндүрүшүн кеңейтүүнү көздөөдө. Анткени боз үйгө болгон суроо-талап күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө көчмөндөр үйүнө Казакстан боюнча  буйрутмалар түшүүдө.

 

Карабай Курбаев, уста:

Буйрутма берип жатат. 8 канаттуу 20 үйгө. Биз аны ушул жылдын жазына даярдайбыз. Бакты азыр кыюуга болбойт, жазга даярдайбыз. 2 жылда 150дөй боз үй жасадык.

 

Келечекте Курбаевдердин үй-бүлөсү туристтик аймактарда боз үй тигүүнү пландоодо. Ошентип, көчмөндөрдүн маданий мурасын жана элдин улуттук баалуулуктарын жайылтуу максатын көздөйт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков