Түркмөнстандын борборунда өткөн эл аралык семинарда аймактык окутуу борборлорунун байланыштарды чыңдоодогу ролу талкууланды. Азербайжан, Орусия, Жапония, Иран жана Венгриядан келген форумдун катышуучулары платформанын дараметин жогору баалашты. Атап айтканда, Ашхабаддагы Аймактык окутуу борборунун эл аралык макамы алдыңкы дүйнөлүк серепчилер менен окутуу сессияларын өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Окуу программалары эл аралык стандарттарга жооп берет, бул адистерге теорияны бажы практикасына тез арада киргизүүгө шарт түзөт. Катышуучулар ошондой эле текшерүү жана скрининг системаларында заманбап рентген жабдууларын колдонуунун ыкмаларын талкуулашты.
Антонио Ло Парко, Дүйнөлүк бажы уюмунун институционалдык өнүгүү боюнча европалык аймактык кеңсесинин мүдүрү: (ROCB Europe)
– Түркмөнстанда бул платформанын түзүлүшү тармактын бирдиктүү иштешине жана ири масштабдуу мамлекеттер аралык демилгелерди баштоосуна мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, аймактын ичинде координацияны күчөтүү үчүн Дүйнөлүк бажы уюму адистештирилген IT платформасын ишке ашырууда. Ал сегиз окуу борборунун баарын бирдиктүү маалымат системасына бириктирет. Бул интеграция серепчилерге эң мыкты тажрыйбалар менен тез арада бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле реалдуу убакыт режиминде уланып жаткан долбоорлорду координациялоого шарт түзөт.
Дашгин Алиев, Дүйнөлүк бажы уюмунун Европа боюнча аймактык өнүктүрүү менеджери:
– Ашхабаддагы жолугушуу жана бугу айынын аягында өтө турган Европанын аймактык борборлорунун жетекчилеринин ири жолугушуусуна негизги даярдык аянтчасы болуп кызмат кылат. Бул жерде көтөрүлгөн темалар келечектеги жогорку деңгээлдеги талкуулардын негизин түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

