Казакстандын президенти курулуш тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын Qazaq Stroy компаниялар тобунун негиздөөчүсү менен талкуулады. Жолугушууда өлкөнүн инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууга жеке бизнестин катышуусу каралды. Нурлан Артыкбаев мамлекет башчысына компаниянын 10 жылдык ишинин жыйынтыгын тааныштырды. Бул убакыт аралыгында 55тен ашык долбоор ишке ашырылып, дээрлик 5 миллион чарчы метр турак жай курулган, алардын олуттуу бөлүгү социалдык объектилер. Qazaq Stroy жыл сайын көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100дөн ашык батир берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

