Казакстан-Нидерланды алгачкы ишкердик кеңеш

Нидерланды Казакстан менен энергетика, агро өнөр жай комплекси, логистика, Транспорт жана IT жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Өлкөгө келген Королдуктун бизнес өкүлдөрү бул тармактарда алдыңкы технологияларды киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул мамлекеттин ишкерлери жана инвесторлору Актау жана Курык портторунун инфраструктуралык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Муну менен катар эки тараптын биринчи бизнес кеңешине катышты. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча бир катар өз ара макулдашууларга кол коюлары мерчемделүүдө. Бул жатта Нидерланды Казакстандын Евробиримдиктеги ири инвестициялык жана соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Акыркы 20 жылда аталган мамлекет Казакстанга салган капиталдын көлөмү 112 млрд долларды түздү. Өткөн жылы эле өз ара товар жүгүртүү болжол менен 4,5 миллиард долларга жеткен. Серепчилердин айтымында, нидерландиялык компаниялар сунуш кылган технологиялык чечимдер ата мекендик өндүрүштүн натыйжалуулугун жана экологиялык туруктуулукту жакшыртууга шарт түзөт.

Ануар Кужикаев, «Бенилюкс» соода палатасы бирикмесинин башкы мүдүрү:

- Бүгүн «Нидерланды – Казакстан» ишкер кеңешинин негизги жоболоруна кол коюлат. Анда биз жумушчу комитеттерди, анын ичинде транспорт жана логистика комитеттерин, ошондой эле келечектеги пландарды аныктайбыз. Келерки жылы биз Нидерландыда бизнес кеңешин өткөрүүнү пландап жатабыз. Жетинин айында Нидерландыдан делегациянын келиши күтүлүүдө, ошондой эле 1-3төрүндө Алматыда Agro-World көргөзмөсү өтөт. Анын чарбасын өнүктүрүү боюнча күнөскана жана гүл бизнестен 20 компания катышат.

Хэнк Нибур, Нидерланды-Казакстан бизнес бирикмесинин төрагасы:

- Учурда Борбор Азия, Кытай жана Европанын ортосунда жаңы логистикалык жолдорду түзүү зарылдыгы келип чыгууда. Аталган эл аралык коридорлор Казакстандын аймагы аркылуу өтөт. Өлкөнүн бийлиги муну жакшы түшүнөт. Жаңы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн бул өлкөдө темир жолдордун жана порттордун инфраструктурасы модернизацияланып жатат. Бул үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Биз дал ушул багыттарда кызматташууга даярбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков