Ашхабадда
Түркмөнстан, Ооганстан, Пакистан жана Индияны бириктирген ТАПИ газ кууру
долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары анын
аймактык жана глобалдык энергетикалык коопсуздукту чыңдоодогу маанисин
белгилешти. Мындан тышкары, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана
катышуучу-өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө дем берүүгө көмөктөшөт. Белгилей
кетсек, долбоор Түркмөнстандын отун-энергетикалык комплексинин кубаттуулугун
жогорулатууга гана эмес, ошондой эле энергетикалык ресурстарды дүйнөлүк рынокко
ташуунун жаңы системасын түзүүгө багытталган. Буга кошумча, газ түтүгүнүн жалпы
узундугу 1800 чакырымдан ашык, ал эми өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 33 миллиард
куб метрди түзөт.
Назим Самоон, «ТАПИ» координациялоо боюнча мүдүр:
- Биздин жолугушуубуздун негизги
темасы - «ТАПИ» газ кууру долбоору. Курулушка катышкан мамлекеттер бул
долбоордун өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Жыйында ошондой эле Түркмөнстандын
отун-энергетикалык комплексин модернизациялоо жана ар тараптандыруу боюнча стратегиялык
максаттарга берилгендиги ырасталды. Бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн жана эл
аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылат.
Мухаммад Амир Хан, Пакистан
энергетика министрлгинини башкы каржы мүдүрү:
- 4 өлкөнүн аймагы аркылуу өткөн
«ТАПИ» ири долбоору абдан чоң роль ойнойт. Бул биздин кызматташуубузду жаңы
деңгээлге көтөрүү үчүн маанилүү кадам болот деп ишенем.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков