Мажилис жаңы суу кодексин кабыл алды

Мажилис жаңы суу кодексин кабыл алды

Казакстанда суу объектилерин, биринчи кезекте чакан көлдөрдү жана дарыяларды коргоо талаптары кеңейтилүүдө. Ал эми ата мекендик ишканалардан сууну кайра колдонуу талап кылынышы мүмкүн. Республикада нымдуулукту рационалдуу пайдалануу боюнча ушул жана башка жаңычылдыктар суу кодексинин долбооруна киргизилди. Мажилис аны биринчи окууда кабыл алды. Мекеменин башчысынын айтымында, кодексте эл аралык тажрыйба эске алынган жана анын негизги басымы суу ресурстарын азайып кетүүдөн сактоого, андан кийин экономикалык муктаждыктарга багытталган. Ошентип, биринчи жолу «суу коопсуздугу» түшүнүгү киргизилүүдө. Ал калкты жана экономиканы суунун жетишсиздигинен жана суу объектилеринин булгануу коркунучунан коргоону камыз кылат. Бул үчүн быйылкы жылы суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясы жана өнөр жайды комплекстүү өнүктүрүү планы бекитилди.

Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:

- Планда 42 жаңы суу сактагычты куруу жана 37 суу сактагычты реконструкциялоо каралган. Ошондой эле 14,5 миң чакырымга жакын сугат каналдары жаңыланат. Эгерде бардык тапшырмалар аткарылса, 2030-жылга чейин 10 миллиард куб метрге чейин суу топтолуп, үнөмдөлөт. Белгилей кетсек, жер астындагы суу ресурстарын башкаруу функциясын башка ыйгарым укуктуу жана жергиликтүү аткаруу органдарынан министрликке өткөрүп берүү каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков