Астана
биринчи жолу Эл аралык ат спорту федерациясынын үч дисциплинасы боюнча, анын
ичинде Дүйнө кубогунун этабын камтыган үч ири эл аралык стартты кабыл алды. Турнирдин башкы
окуясы 160 сантиметрге чейинки тоскоолдуктарды жеңүү боюнча Гран-при болду.
Белгилей кетсек, бул мелдештер Германиянын Аахен шаарында өтө турган Дүйнө
чемпионаты алдындагы квалификациялык мелдеш болуп саналат. Ага Азия, Африка,
Латын Америкасы, Жакынкы Чыгыш жана Европанын 20дан ашык өлкөлөрүнүн улуттук
этаптарынын жеңүүчүлөрү катышты. Казакстандын намысын конкур дисциплинасында 11
спортчу коргоду. Эл аралык FEI федерациясынын колдоосу менен үч турнирдин бир
учурда өткөрүлүшү өлкөбүздүн дүйнөлүк ат спортундагы позициясын бекемдөөдө
маанилүү кадам болду.
Асет Толкумбеков, Казакстандын ат спорту боюнча олимпиадалык курама
командасынын башкы машыктыруучусу:
– Дүйнө кубогунун этабы бизде чын куран айында өттү, эки этабы Ташкентте
болду, андан кийин Дүйнө кубогунун этабы Бишкекте өттү, азыркы Дүйнө кубогунун
этабы – бул биздин Астана шаарындагы акыркысы. Ар бир өлкө өз үйүндө мелдеш
өткөрүп, ушундай эле маршрут боюнча секирип, калыстар барып, каттап, мыкты
20лык финалга чыгат. Азыр өтүп жаткан – бул биздин финал, акыркысы, мында
чемпион аныкталат.
Которгон: Назира Бегалиева

