Эки кылымдык тарыхы бар Кенесары хандын Куран китеби Ясауи мавзолейине коюлду. ХVІІІ кылымда жарык көргөн ыйык китептин мукабасы жогорку сапаттагы катуу кагаз менен капталган. Китеп 744 беттен турат. Ар бир бетте 12 саптан турган Куран аяттары жазылган. Кол жазмада Казак хандыгынын султанынын өзүнүн жана анын руханий жолдошу – белгилүү коомдук ишмер Марал Ишандын мөөрлөрү бар. Эске сала кетсек, Кенесары ханга ыйык Куранды Марал Ишан тартуулаган. Китептин аныктыгы ата мекендик жана чет элдик серепчилер тарабынан тастыкталып, дыкат текшерүү жана ар тараптуу талдоодон өткөн. Эскерте кетсек, мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Түркестанда өткөн Улуттук курултайда Марал Ишандын Кенесары ханга тартуулаган Куран китеби табылып, өлкөгө кайтарылганын айткан.
Наурызбай ажы
Таган уулу, КМДБнын башкы муфтийи:
- Бул китеп кимдир
бирөөлөрдүн колунда болгон болуусу мүмкүн. Атайын илимий экспедициялар жасалды.
Калыбына келтирүү иштери 3 айга жакын убакытты алды. Ошол иштер толук бүткөндөн
кийин биз ыйык ата-бабаларыбыз жаткан жерге алып келип, өткөрүп бердик.
Которгон: Илгиз Жамалбеков